Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдө

23.09.2026 | 12:51
Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдө — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын райондорунда жалпы 40 таштанды сорттоочу пункттун курулушу жүрүүдө. Долбоор тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу системасын иретке келтирүү, ошондой эле контейнерлерди туш келди жайгаштырууну жоюу максатын көздөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Алардын бири 4-кичи райондогу №22А үйдүн жанында курулган. Аянты 100 чарчы метр болгон бул жайда суу түтүгү жана канализация системасы каралып, контейнерлерди жууп-тазалоого шарт түзүлгөн. Пунктта күн сайын 20 контейнердин көлөмүндөгү таштанды иштетилип, пластик менен металл өзүнчө сорттолуп, кайра иштетүүгө жиберилет.

Мэрия шаар боюнча салынып жаткан бардык 40 пункт таштандыларды сорттоо жана санитардык жактан тейлөө үчүн инфратүзүм менен жабдыларын билдирди. Бул чаралар шаардын санитардык абалын көзөмөлдөөгө жана калдыктарды башкарууну жакшыртууга багытталган.

Scroll to Top