Бишкекте 500 балага гуманитардык жардам таркартылды
Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркартылды. Бул тууралуу Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирген.
«Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы “Аль-Махтум” фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга “Жаркын жаштар келечеги” фондунун салымы чоң», – деген ал.
[image_carousel source=”media: 76975,76976,76977,76978,76979,76980,76981″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]