Бишкекте 72,5 кг алтын жана күмүш буюмдар табылып алынды

Бишкекте 72,5 кг алтын жана күмүш буюмдар табылып алынды

Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айрым ишкерлер Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталган.

«28-мартта жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасаган жерлерде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылып алынган. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна чоң көлөмдө жасалма үлгүдөгү зер буюмдар чыгарылып жатканын жана өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөөдөн качууну билдирет», — деп билдирет УКМК.

Учрда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>