Бишкекте кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бир күн мурун саат 18.20 чамасында аталган министрликке Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан кыз секирүүгө аракет кылган.
«Окуя болгон жерге беш куткаруучу барган. Алар кызды жерге түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.