Бишкектеги абанын сапатын мэрия көзөмөлдөй баштайт

Бишкектеги абанын сапатын мэрия көзөмөлдөй баштайт

Министрлер Кабинети кезектеги отурумда “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомун жактырды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Чечимге ылайык, пилоттук долбоордун алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып, Бишкек шаарынын мэриясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ченемдик укуктук актыларын, регламентинин анын ичинде Бишкек шаарынын чегинде 2 жылдык мөөнөткө транспорттук жана башка кыймылдуу транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө чыгарууда атмосфералык абаны коргоо боюнча эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыра баштайт.

Пилоттук долбоордун алкагында борбор калаанын мэриясына Бишкек шаарынын атмосфералык абасын коргоо жаатында ыйгарым укуктар берилген.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине пилоттук долбоорду ишке ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>