Бишкекте интеллектуалдык-өндүрүштүк фабрика ачылды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Ал инновациялык технологияларды колдонуу менен адам күчүн талап кылбай иштей берет. Кесүүдөн тартып тигүүгө чейинки процесстер автоматташтырылган. Фабрика бычуучусуз жана тигүүчүсүз эле иштейт.
Маалыматта бул ишканага чет өлкөлүк белгилуу маркалар менен иштөөгө жана сапат жагынан атаандашууга мүмкүндүк берет. Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө биринчи болуп ачылды.
Анын директору Базаргүл Самиева 15 жылдан ашык тигүү тармагында эмгектенет.