Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Эмомали Рахмон Борбордук Азия өлкөлөрүнө биргелешип ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады
31.07.2026 | 15:51

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун жүрүшүндө аймактагы өлкөлөргө ички муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн биргелешип ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.
Тажикстандын президентинин айтымында, дүйнөлүк жана аймактык энергетикалык рыноктордогу курч кырдаал Борбордук Азия мамлекеттерине түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
«Келгиле, бүгүнкү күндүн реалдуулугун эске алуу менен бул өтө маанилүү маселе жөнүндө биргеликте ойлонолу. Тиешелүү мекемелерибизге эң жаңы технологияларды тартуу менен аймакта ири мунай иштетүүчү завод куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырууну сунуштайм. Мында биринчи кезекте өлкөлөрдүн ички муктаждыктары эске алынышы керек», — деди ал.