30-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +39 градуска чейин көтөрүлөт, айрым аймактарда жаан жаайт
30-июлга караган түнү Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас жана Баткен облустарында, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Түнкүсүн Ысык-Көлдүн батыш жээгинде, күндүз айрым жерлерде Ысык-Көл жана Нарын облустарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетет.
Күндүз абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
- Чүй облусунда +32…+37;
- Талас облусунда +30…+35;
- Баткен облусунда +34…+39;
- Ош жана Жалал-Абад облустарында +34…+39;
- Ысык-Көл облусунда +26…+31;
- Нарын облусунда +27…+32;
- Суусамыр өрөөнүндө +23…+28;
- бийик тоолуу аймактарда +11…+16.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +28…+30 градуска чейин көтөрүлөт.