Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 18-июнда ачылат

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 18-июнда ачылат

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-июнда мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди. Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат.

Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштерди жүргүзүп жаткан подрядчик «ДорСтройГрупп» ЖЧКсы.

Белгилей кетсек, ишкана оңдоо иштерин мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүргөн.

Эске сала кетсек, муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:

— Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;

— Ж.Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен А.Масалиев көчөсүнө чейин;

— И.Ахунбаев көчөсү менен Ч.Айтматов проспектисинен Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин;

— М.Горький көчөсү менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

— Юнусалиев көчөсү менен Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>