Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте айдоочу унаасы менен 7 жаштагы баланы сүзүп кетти
18.05.2022 | 16:15
Бишкекте Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Blacklist.kg Telegram-каналы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.
Окуяны Бишкектеги Тез жардам борборунан дагы тастыкташты.
«Тез жардам борборуна чакыруу 12.20да түшкөн. Жабырлануучу жети жашта. Ал баш мээси чайкалып, ийин сөөгү сынган деген диагноз менен Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган», – деп маалымдады Тез жардам борборунан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом