Сузакта милиция эрте никеге турууга каршы иштерин күчөтөт

Сузакта милиция эрте никеге турууга каршы иштерин күчөтөт

Жалал-Абад облусунда быйыл эрте никеге туруу фактысы боюнча 28 учур катталган, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында эрте никеге туруунун алдын алууга багытталган жыйын өтүп, ага ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов, Сузак районундагы айыл өкмөт башчылары, имамдар жана мектеп директорлору катышты.

Алгач эрте никеге туруу фактылары боюнча статистикалык маалыматтар берилип, атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң Сузак РИИБдин жетекчилиги тарабынан доклад окулуп, эрте никеге туруу багытында мыйзамда каралган жоопкерчиликтерди айтып өттү. Коомчулуктагы бул жат көрүнүштүн алдын алууда бардык тиешелүү кызматтар биргеликте иш алып баруу зарылдыгы белгиленип, бир топ суроо-жооптор болуп, сунуштар айтылды.

Жер-жерлерде профилактикалык иштерди жүргүзүп, ата-энелерге жана жогорку класстардын окуучуларына эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүп, ишке ашырууну колго алышты.

Белгилей кетсек, облуста өткөн жылдын 4 айында эрте никеге туруу боюнча 31 учур катталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: нике

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>