Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте акча салынган сумканы уурдаган учур видеого түшүп калган
28.10.2022 | 12:07
Бишкектин “Ак-Тилек” конушунда өспүрүм бала унаадан акча салынган сумканы уурдап кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге акчасы уурдалган жаран Жетиген Искендеров билдирди.
Искендеровдун айтымында, окуя 10-октябрда анын тааныш иниси унаасын айдап кетип, “Ак-Тилек” конушуна жумуштары менен барганда болгон. Унаадан уурдалган сумкада Жетиген Искендеровдун 80 миң сомдон ашык акчасы, паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтери болгон.
Жетиген Искендеров социалдык тармактарга окуя тартылган видеону чыгаргандан кийин, бир жаран комментарийге уурдаган баланы тааный турганын, ал Ак-Тилектеги мектепте окуй турганын жазган.
Бул окуя боюнча Свердлов райондук милициясы маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом