Милиционер айымга бул эки сапат эң маанилүү, — сержант Айсаракунова

Милиционер айымга бул эки сапат эң маанилүү, — сержант Айсаракунова

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкери Нурзат Айсаракунова эне тилге арналган ыр сынагында алдыңкы орунга ээ болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда¸ мамлекеттик тилге жана чыгаан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата Ысык-Көл облусунун ардагерлер кеңеши тарабынан сынак уюштурулуп, ага элүүдөн ашык адам катышты.

Калыстар тобу катышуучулардын чыгармаларынын мазмунуна гана эмес, чеберчилигине да баа беришти. Мыкты даярдык жана чыгармаларды көркөм аткарууну көрсөткөндөр байгелүү орундарды ээлешти.

Сынакта ар кандай номинациялар боюнча үч баш байге коюлуп, алардын бирин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын 1-взводунун кызматкери, милициянын ага сержанты Нурзат Айсаракунова утуп алды.

Ал бала кезинен бери Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп келет.

“Бирок, жаш өткөн сайын, канчалык көп турмуштук тажрыйбаны топтогон сайын, мен атактуу кыргыз жазуучусунун терең ой жүгүртүүсүн ошончолук айкын түшүнө баштадым. Т.Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, мен ар дайым өзүмдүн айланамдагы жана ички дүйнөмдөгү жаңы ааламды ачам. Сынакта болсо “Тилдин баалуулугу”, “Эне тилим – түгөнбөс байлыгым” деген өзүмдүн ырларымды аткардым”,-дейт ал.

Нурзат Айсаракунова ички иштер органдарында 2019-жылдан бери кызмат өтөп келет. Алдыга коюлган милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарынын аймагында коомдук тартипти сактоону камсыздайт.

“Милициянын кайгуул-күзөт кызматында романтика аздык кылат. Өзүңүздөр баамдасаңыздар, биздин курамдын кызматкери башкаларга караганда коомдун ар кандай өкүлдөрү менен көп баарлашууга туура келет. Уруш-талаштар, тоноо, бычактоо — бул биздин “жумушчу” кырдаалдардын күнүмдүк көрүнүшү. Балким, ушундан улам милициянын кайгуул-күзөт кызматы аялдар үчүн эмес деп эсептешет. Бирок, өзүңүздөр билесиздер, бөтөнчө эрежелер жок”, — деп белгилейт Нурзат биз менен болгон маегинде.

Нурзаттын айтымында, интуиция жана чыдамкайлык, ушул эки сапат, аялга кайгуул кызматтагы милдеттерди эркектерден кем эмес, кээде андан да жакшы аткарууга түрткү болот. Анткени, эркектер кескин принцип боюнча аракеттенет: келдим, көрдүм, жеңдим. Бирок, кээде аялдардын турмуштук тапкычтыгы керек болот. Дээрлик кандай абал болбосун, канчалык кыйын болуп көрүнбөсүн, атайын каражаттарды жана күчтү колдонбостон, өз ара сүйлөшүү аркылуу чыр-чатакты чечүүнүн жолун тапса болот.

“Менин хоббилеримдин бири поэзия. Мурда чыгаан акындардын ырлар жыйнагын күнү-түнү окучумун, кээде өзүм да ыр жазып чыгарчумун. Азыр милиция кызматына киргенден кийин, сүйүктүү хоббим менен алектенүү сейрек болуп жатат. Кантсе да, мен кесиптештеримдин жана элимдин, милиция мезгилдин кайсыл убактысы болбосун, кылмыштуу кол салуулардан коргой алат деген ишеничин акташым керек. Бирок, бош убакыт боло калганда эле, ырларымдын сөздөрүн түшүрүүгө аракет кылам. Чынын айтсам, милициянын кайгуул-күзөт кызматында иштегеним бул жагынан мага чоң жардам берет. Себеби, адамдын тагдыры кандай бурулуп кетээрин ушул жерден көрдүм”, — деп жыйынтыктады Нурзат Айсаракунова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>