Баткендеги чек арачынын Камчыбек Ташиевге ыр аткарып берген видеосу

Баткендеги чек арачынын Камчыбек Ташиевге ыр аткарып берген видеосу

Баткенде «Ак-Сарай», «Максат» чек ара тозоттору ачылып, «Жаштык» жана «Чон-Талаа» чек ара бекеттери жаңыланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 28-майда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев аталган чек ара тозотторунун менен чек ара бекеттеринин ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, «Ак-Сарай» тозотунун курулушу 2011-жылы башталып, ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы анын курулуш иштери улантылып, быйыл бүткөрүлгөн.

“Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган”, — деп билдирген УКМК.

Ошондой эле, «Максат» чек ара тозотунун имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына ылайык жакшыртылган. Мындан тышкары, «Жаштык» жана «Чон-Талаа» чек ара посттору толугу менен жаңыланган.

Камчыбек Ташиев жаңы ачылган чек ара бекеттеринде чек арачылар менен бирге тамактанып, алар менен баарлашты. Ошондой эле, чек арачы ага гитара менен ыр аткарып берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>