Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-сентябрда милицияга Э.Н. аттуу жаран кайрылып, быйыл 5-июлда Б. аттуу адам «сатып берем» деп 312 миң сомдук дары-дармектерди алып, алдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 50 жаштагы О.Б. аттуу жаран кармалган. Ал соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(700)002 020, 0(700) 065 005 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>