Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачты
Бишкекте архитектура тармагындагы эң беделдүү “Ага Хан” сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт
02.09.2025 | 15:57

14-16-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык “Ага Хан” сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан менен “Ага Хан” өнүктүрүү уюмунун кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналат. Ага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 150дөн ашык расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар катышат.
“Ага Хан” сыйлыгына жалпы 369 долбоор сунушталган. Алардын ичинен 16 өлкөдөн 19 финалист тандалып алынган. Сыйлыктын байге фонду – 1 млн доллар.
Сыйлык тапшыруу аземине чейин Бишкекте көргөзмөлөр, лекциялар өтүп, иш-чара 16-сентябрда эл аралык семинар менен аяктайт.
Белгилей кетсек, аталган сыйлыкты тапшыруу аземи Кыргызстанда биринчи жолу өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы