Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдатып жиберген

Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдатып жиберген

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде милицияга Ш.А. аттуу аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 1-апрелде Ош базардагы соода борборунун биринде Т. аттуу аял Талас менен Казакстанга сатууга көмөктөшүүнү убадалап, баасы 3 млн 354 миң сомдук зер буюмдарды (салмагы 663 грамм) алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 53 жаштагы Б.Т. аттуу аял киши кармалган. Райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө иштеринин жүрүшүндө алдамчылык жолу менен алынган зер буюмдардын бир бөлүгү табылып алынып, далил зат катары ишке тиркелген.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыкятуу иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>