Бишкекте аялдамага токтоп, тыгын жараткан таксисттер жолдон алынды

Бишкекте аялдамага токтоп, тыгын жараткан таксисттер жолдон алынды

Бишкекте аялдамаларга туруп алып, жүргүнчүлөргө жана коомдук транспорттун токтошуна тоскоолдук жараткан таксисттер жолдон тазаланууда. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

«Таксисттер көпчүлүк учурда аялдамаларды жана шаардагы айрым көчөлөрдүн боюн унаа токтоочу жай кылып алышат. Мындан улам бизге жарандар тарабынан кайрылуулар көп түшөт. Бүгүн эле шаар тургундары кайрылып, чыгыш автобекетинде унаалар жолдун ортосуна токтоп, элдин коомдук транспортко түшүшүнө жолтоо болуп жатканын айтышты. Дароо кайгуул милиция кызматкерлери аталган жерге барып жолду ирээтке келтирди”, — деди ал.

Айтикул уулу муну менен катар, жолдун эки четине туруп алып тыгын жараткан унаалар да патрулдук милиция тарабынан жолдон алынып жатканын белгилеп өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>