Армения Орусиядан товарларынын импортуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранды

Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирет ЖМКлар. Сүйлөшүү армян тараптын демилгеси менен болгону такталды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин менен Пашинян эки тараптуу мамилелердин күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Сүйлөшүүдө экономикалык маселелерге да токтолушту.
Армениянын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Пашинян Орусия президентин республикадан Орусияга товарларды ташып кирүүгө коюлган чектөөлөр маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Өкмөт башчысы киргизилген чаралар «армян-орус укуктук базасына жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жоболоруна карама-каршы келет» деген пикирин билдирди.
Өз кезегинде Орусиянын президенти 29-майда Астанада өткөн ЕАЭБ саммитине катышкан Беларусь, Кыргызстан, Казакстан жана Орусия лидерлеринин Армениянын Европа Биримдигине кирүүгө багытталган аракеттери боюнча кабыл алган биргелешкен билдирүүсүнө берилгендигин ырастады.
Атап айтканда, сүйлөшүү учурунда «Арменияда ЕБге кирүү же ЕАЭБдин курамында калуу боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жалпы элдик референдум өткөрүү зарылчылыгына басым жасалды».
Ошол эле учурда Пашинян референдум өткөрүү Армения Европа Биримдигине кошулуу үчүн расмий арыз берип, «бул маселени мазмундуу кылгандан» кийин гана «иш жүзүндө мүмкүн» болорун белгиледи. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн пресс-релизинде айтылат.
Ал ошондой эле армян өкмөтү бул жана башка маселелерди «ачык, достук жана өнөктөштүккө негизделген диалог аркылуу» чечүүгө даяр экенин билдирди.
Эске салсак, акыркы айларда Москва менен Еревандын мамилеси курчуп кеткен.
Июнь айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Армения уюмдун бюджетине эки жылдан ашык убакыттан бери мүчөлүк акы төлөбөй жаткандыктан, ага карата ЖККУнун (ОДКБ) уставынын тийиштүү беренеси колдонулушу мүмкүн экенин айткан.
Орусия ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова болсо Москва Еревандын ЕАЭБдеги «багуудагы позициясына» чыдабай турганын билдирген.
Май айынан бери Россельхознадзор армян продукцияларын, анын ичинде гүлдөрдү, коньяк жана шарапты, балыкты, минералдык сууну, жашылчаларды, чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди, ошондоо эле сүт азыктарын ташып келүүгө этап-этабы менен чектөө киргизүүдө.
Пашинян июль айынын башында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушууда Ереван Москва менен мамилесин андан ары өнүктүрүүгө жана ЕАЭБге катышууга ниети бар экенин билдирген.
«Акыркы убакта айрым көйгөйлүү маселелер жаралды, мен биз бул маселелерди талкуулап, чечебиз деп ишенем. Шайлоого чейин болобу же андан кийин болобу, биз Орусия менен мамилебизди андан ары өнүктүрүүгө ниеттүүбүз», — деген Пашинян.