Бишкекте аялдардын республикалык форуму өттү. Эмнелер талкууланды?

Бишкекте аялдардын республикалык форуму өттү. Эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 30-январда «Биз биргебиз» аталышындагы аялдардын республикалык  форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жогорку Кеңештин айым депутаттары Айсаракан Абдибаева, Шарапаткан Мажитова, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Лейла Лурова жана Жылдыз Садырбаева катышты.  Ошондой эле иш-чарага өлкө аймактарынан келген айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, активист айымдар да келип, коомдук пикир алмашуу жүрдү.

Жолугушууда соңку убакытта коомчулукта резонанс жаратып жаткан кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук маселеси өзгөчө талкууга алынды. Андан тышкары, гендердик теңчилик, өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушунда аялдардын орду тууралуу кеңири маалыматтар айтылды.

«Кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күч алганы өкүндүрөт. Баарыбыз биргеликте иштебей жаткан мыйзамдардын аткарылышын талап кылып, резолюция кабыл алышыбыз керек», — деди депутат Шарапаткан Мажитова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>