Бишкек — Сеул аба каттамдардын санын көбөйтүү каралууда

Бишкек — Сеул аба каттамдардын санын көбөйтүү каралууда

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова T’way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Ген менен Бишкек-Сеул багыты боюнча түз авиакаттамдын келечегин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз аба каттамдары 2023-жылы ачылган. Өткөн жылы бул каттамда 5 миңге жакын жүргүнчү тейленген.

Йонг Хонг Ген Кыргыз Республикасынын элчилигине түз авиакаттамдарды ачууга көрсөткөн жардамы жана эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну жогорулатуу боюнча жигердүү иш үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында ал кореялык тарап учурда 2024-жылдын 14-майынан тарта аба каттамдарынын санын жумасына үч жолуга чейин көбөйтүүнү карап жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин T’way авиакомпаниясынын Бишкектен Сеулга каттамы жумасына бир гана жолу — жекшемби күнү аткарылчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>