Бишкекте аялдын сумкасын тартып алгандар колго түштү

Бишкекте аялдын сумкасын тартып алгандар колго түштү

Бишкектин Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Э.Ч. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү саат 01:37 чамасында Медерова-Бектенов көчөлөрүнүн кесилишинен ачык түрдө физикалык күч колдонуу менен сумкасын тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аны тоногондор «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты Октябрь районунун ИИБнын электрондук журналына катталып, «каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери каракчылыкка шектүү 1990-жылы туулган Т.Т., 1996-жылы туулган А.А., кармап, тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда шектүүлөр Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Мындан тышкары, шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>