Төрага Нурлан Шакиев акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

Төрага Нурлан Шакиев акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы шайланган акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдөгү адам укугун, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо Акыйкатчы институтунун ролу жогору экенин белгилеген төрага: “Акыркы жылдары бул мекеменин ишине карата түрдүү пикирлер айтылып, ар кандай баа берилип келет. Анткени, сизге жана кесиптештериңизге зор милдеттер жүктөлгөн. Тажрыйбалуу адис катары бардык ишти талаптагыдай аткарып, мекеменин аброюн арттырасыз деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатындагы маселелерге токтолуп, чет өлкөдөгү мекендештердин мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү көтөрдү.

“Ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, тыкыр иликтениши керек. Өзгөчө кайсы тилде кайрылуу келсе, ошол тилде так, ыкчам жооп берүүгө жана документ иштерин мамлекеттик тилде жүргүзүүгө басым жасагыла”, – деди төрага.

Өз кезегинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институттун ишин илгерилетүүгө багытталган иш-пландары менен бөлүшүп, алдыда жасала турган реформалар тууралуу сөз кылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>