Бишкекте бак-дарактар буталып жатат

Бишкекте бак-дарактар буталып жатат

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашыл аянттарга жана ирригациялык тармактарга кам көрүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү бак-дарактарды санитардык бутоо, авариялык жана куурап калган дарактарды алуу, сугат тармактарын тазалоо,  ошондой эле түшкөн жалбырактарды тазалоо иштерин өткөрдүк.

Горький көчөсү  Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан  Фучик көчөсүнө чейин, Манас жана Тынчтык проспектилери Ормон-Хан көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин, Ибраимов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, 7-апрель көчөсү Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин, Анкара көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин санитардык бутоо  иштери жүргүзүлдү.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>