Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте баңгитрафигине жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү чаралары талкууланды — кеңири
05.06.2026 | 18:04

Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын алкагында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмеси болуп өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, катышуучулар укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулашып, криминогендик кырдаалга карата баалары менен бөлүшүп, практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
«Тараптар трансчегаралык баңгитрафигине бөгөт коюу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө, ошондой эле синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган алдын алуу жана ыкчам чараларды өркүндөтүүгө даяр экендиктерин тастыкташты. Күн тартибиндеги өзүнчө багыт болуп маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү саналды. Катышуучулар ошондой эле жасалма интеллектти мыйзамсыз максаттарда колдонууга байланышкан жаңы чакырыктарды да талкуулашты», — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды бекиткен жана мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктаган протоколго кол коюлду.
Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары катышуучуларга конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык туруктуулукту, коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөөгө багыт алганын тастыктады.