Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган иш-чара өттү

Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган иш-чара өттү

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана ага байланыштуу маселелер боюнча комиссиянын 56-жыйынына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

21-24-ноябрда Бишкек шаарында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана Жакынкы жана Орто Чыгыштагы ага байланыштуу маселелер боюнча комиссиянын 56-жыйыны болуп өттү. Ал БУУнун баңгизаттар боюнча комиссиясынын көмөкчү органы болуп саналат. Ошондой эле баңги заттарды көзөмөлдөө жана эл аралык мамилелерди түзүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп эсептелет.

Комиссиянын ишине 80ден ашык делегат катышты. Алардын ичинде Азербайжан, Бахрейн, Индия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кувейт, Кыргызстан, Катар, Оман, Пакистан, Сауд Арабиясы, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, ЦАРИКЦ, Европа Биримдиги, Баңги кылмыштуулукка каршы маалымат борбору, Араб өлкөлөрүнүн ички иштер министрлер Кеңешинин катчылыгы жана башкалар.

Иш-чарада Нурбек Абдиев катышуучуларды комиссиянын 56 жылдык мааракеси менен куттуктап, ал жарым кылымдан бери баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган аймактык иш-чараларды координациялоо жана кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз милдеттерин аткарып келе жаткандыгын, ошондой эле бул чөйрөдөгү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоодо жана БУУнун баңги заттар боюнча комиссиясынын сунуштарын иштеп чыгууда ролу чоң экендигин белгиледи.

“Комиссиянын катышуучулары глобалдык баңги көйгөйүн чечүүдөгү аймактык жана субрегионалдык кызматташтыкка тиешелүү актуалдуу маселелерди, анын ичинде баңгизатын мыйзамсыз өстүрүүнү жана өндүрүүнү кыскартуу жана альтернативдик өнүгүүгө көмөктөшүү,  кылмыштуу кирешелерди адалдоого, мыйзамсыз финансылык агымдарга жана баңги бизнесинде “көмүскө тармакты” жана криптовалюталарды колдонууга каршы күрөшүү, прекурсордук химиялык заттарды мыйзамсыз өндүрүүгө каршы күрөшүү жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы байланышты изилдөөнү талкуулашты”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>