Бишкекте «Бар12», «Мюнхен паб», «Чердак» кафесине айып салынды

Бишкекте «Бар12», «Мюнхен паб», «Чердак» кафесине айып салынды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында «Тамеки тартуу» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Биринчи күнү акимиаттын, райондук ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, №12 МАБнын кызматкерлеринен турган комиссия 10 мекемеге барды.

Жыйынтыгында мыйзам бузуулар «Бар12», «Мюнхен паб», «Авеню» кофеканасы, «Чердак» кафесине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык  көзөмөл борбору тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, 13 000 сомдон  52 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Эртеси күнү 7 мекеме текшерилип, 39 000 сомдон  13 000 сомго чейин айып пул салынды,  «Urban» кафеси, «Империя Пиццы», «Season terace» ресто-барына 3 протокол түзүлдү.

Кылмыш-жаза кодексинин 83-84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет, башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып пул салынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>