Кыргызстанда күн кескин сууктайт

Кыргызстанда күн кескин сууктайт

Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5… 10°;
— Талас облусунда 1… 6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9°;
— Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде-1..-3°;
— Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2… 7°, күндүз 11…16°;
— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-20, күндүз 5… 10°;
— Нарын облусунда -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз — 1…-6° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>