Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылдыИсхак Масалиев чуулгандуу иштерди кайра кароону сунуштады. 2020–2026-жылдардагы эң ири соттук процесстерди эске салабызСоциалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталдыУлуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?
Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
13.02.2024 | 09:00
Бишкекте белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Салмак категориялары:
Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 58, 64, 71, 79, +79 кг;
Эркектер арасында эркин жана классикалык стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг;
Мелдештин программасы:
Башталышы: 21-февраль, саат 10:00;
Салтанаттуу ачылыш аземи: 21-февраль, саат 13:00.