Бишкекте бир канча жерде айыл чарба жарманке өтүп жатат

Бишкекте бир канча жерде айыл чарба жарманке өтүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана шаар конокторун жарманкеге чакырууда.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү 22-23-октябрь күндөрү саат 8:00дөн 18:00гө чейин И.Раззакова көчөсүнүн Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде, Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болуп жатат.

Ал эми 1-октябрдан 31-декабрына чейин дем алыш күндөрү (ишемби жана жекшемби) саат 07:00дөн 19:00гө чейин Н.Жетикашкаев Айтиевден А.Токомбаевге чейинки көчөдө өтүүдө.

Жарманкелерде эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башкалар бар. Жалпысынан жаңы өнүмдөрдү 50 ата мекендик өндүрүшчүлөр продукцияларын көрсөтүшөт.

Жарманкени борбор калаанын мэриясы КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте уюштурууда.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жарманке

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>