Ош электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине иш козголду

Ош электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине иш козголду

Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Ош РЭТ) кызмат адамдары мамлекетке жалпы 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош райондук электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Ош РЭТ) кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар боюнча расмий документтерге билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен 2020-2021-жылдар аралыгында электр жабдуулары жана материалдык баалуулуктар негизсиз чыгымдалып, ишенип берилген каражаттарды өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталды.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык РЭТнин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>