«Ынтымак» командасы Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш кубогун жеңип алдыМинистрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүдөБишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты
Бишкекте бир жумада 58 мас айдоочу аныкталды
20.02.2024 | 23:02
Бишкек шаарында 12-февралдан 18-февралга чейин жалпысынан 6729 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардан:
– мас абалында унаа айдагандыгы үчүн – 58;
– транспорт каражатын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 160;
– айдоочулук күбөлүксүз айдоо үчүн – 93;
– жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн – 516;
– жол белгилерине баш ийбегендиги үчүн – 4547;
– тонировка үчүн – 12;
– мотоциклдик каскаларды же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн – 397;
– башка укук бузуулар – 946.
Мындан тышкары 553 унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар