Садыр Жапаров «Элдик Банктын» башкы кеңсесин ачты

02.06.2026 | 14:38

Бүгүн, 2-июнда, өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарында «Элдик Банктын» жаңы башкы кеңсесин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Банктын имараты алты кабаттан турат. Анда кардарларды тейлөө зоналары, кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү, эне жана бала бөлмөлөрү бар. Ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн атайын шарттар түзүлгөн.

Садыр Жапаров ачылыш аземде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда аманат иши 1925-жылы Фрунзе жана Ош шаарларында алгачкы аманат кассаларынын ачылышы менен башталганын белгилеп, «Элдик Банк» бул тарыхый жолдун улантуучусу экенин билдирди.

Президент ошондой эле банктын капиталы 80 миллиард сомдон ашканын жана ал мамлекеттик маанидеги долбоорлорду каржылоого катышарын айтты. Алардын катарында Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу, транспорттук инфраструктураны жана авиацияны өнүктүрүү, билим берүү жана медицина мекемелерин колдоо долбоорлору бар.

Мындан тышкары ал банктын негизги жетишкендиктери катары төмөнкүлөрдү атады:

  • Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырылган;
  • Жашыл климаттык фонддон аккредитациядан өтүү.
“Бул эбегейсиз ийгилик эл аралык инвесторлордун банкка гана эмес, биздин өлкөбүз Кыргызстанга жана мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеними болуп саналат”, - деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда банк тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Ал банктын жамаатын жетишкендиктери менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Scroll to Top