Каздарча бастырган. Башкы консул мигранттарды кодулагандарды жоопко тартууну өтүндү

Каздарча бастырган. Башкы консул мигранттарды кодулагандарды жоопко тартууну өтүндү

Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын Башкы консулдугунун демилгеси менен консул Гүлнура Нарматованын жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары А.Ивановдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ушул жылдын 17-январында Россиянын укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбургдагы курулуш объектисинде эмгек мигранттарды, алардын ичинде Кыргызстандын жарандарын рейд учурунда тизелетип, «каздарча» бастыргандыгы болду.

“Консул тегине жана жарандыгына карабастан ар бир жаранга карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгиледи. Дипломат өкүлчүлүктөн Россиянын Свердлов облусунун көзөмөл органы тарабынан мыйзамдуу эмгек жүргүзүп жатышкан Кыргызстандын жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын укук коргоо органдары тарабынан колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүндү”, — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде А.Иванов орус тарап бул маселени иликтеп жатканын жана жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Екатеринбург шаарында курулуш тармагында иштеген мигранттарды текшерүү учурунда полиция жумушчуларды кармап, кардын үстүндө каздай басууга мажбурлаган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, алардын арасында үч кыргыз жараны болгон.  Алар полицияга каршы арыз жазуудан баш тартышкан.

Мигранттар каздай баскан видео боюнча парламент Мамдумага кайрылат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>