Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Соң-Көлдөн 5 чакырымдан ашык балык уулоочу тор чыгарылды
22.06.2026 | 13:50

Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнөн 5 300 метрден ашык синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
20–21-июнь күндөрү Соң-Көлдө атайын рейддер өткөрүлүп, ага Экотехкөзөмөл кызматынын жана Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун кызматкерлери катышкан. Рейд учурунда көлгө мыйзамсыз торлор салынганы аныкталып, тазаланган.
Экотехкөзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого каршы иш-чаралар үзгүлтүксүз улантыларын билдирди. Бул иштер Президенттин №172 Жарлыгынын алкагында көлдүн экосистемасын жана балык ресурстарын сактоо максатында аткарылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Нарын