Бишкекте бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Бишкекте бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт,  мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү менен  чогулуштарын өткөрүштү.

“Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорду, жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан ошондой эле ата-энелерден балдарга өзгөчө көңүл буруп, шаардын эл көп болгон оюн-зоок жайларына, ошондой эле шаардын сыртына  өз алдынча барууга жол берилбестиги керектигин суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>