Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө ротация болду

Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө ротация болду

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бир катар бөлүмдөрүнүн жетекчилери ротацияга байланыштуу жаңы кызматтарга дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамын ротациялоо иштери уланып жатканын билдирет.

ИИМдин буйругуна ылайык:

— Абдукеримов Альберт Маматбекович ЖКККББнын Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Талас облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына,

— Чалыбаев Мирлан Райымбекович, ЖКККББнын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Нарын облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына,

— Жумагулов Айбек Рыскулович, ЖКККББнын Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматына,

— Жангабылов Бактыбек Кемелович, ЖКККББнын Нарын облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн башчысы кызматына,

— Кошматов Асылбек Абдыганиевич, ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүсү кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Ошондой эле, жазган арызына ылайык ЖКККББнын Талас облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Исаков Алмазбек Карыпович укук коргоо органдарындагы кызматынан бошотулду.

«Жаңы дайындалган жетекчилерге, жол кырсыктарын алдын алуу, жол кырсыктарынын санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>