Япониялык балбан кыз: Тыныбекованы жеңүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм

Япониялык балбан кыз: Тыныбекованы жеңүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм

Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекованы жеңүү үчүн бүт күчүмдү жумшайм. Бул тууралуу япониялык балбан кыз Сакура Мотоки билдирген. Анын видеосу Япониянын күрөш федерациясынын «Инстаграмдагы» баракчасында жарыяланган.

«Азия чемпионаты менин атаандашым жана дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын мекени Кыргызстанда өтөт. Мен ал жакта аны жеңүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм», — деген Сакура Мотоки.

Айсулуу Тыныбекова менен Сакура Мотоки буга чейин эки жолу беттешкен. Балбан кыздар алгач ирет 2023-жылы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, Тыныбекова 4:1 эсебинде жеңишке жеткен. Экинчи жолу алар быйыл Хорватиядагы Zagreb Open рейтингдик мелдешинин жарым финалында беттешкен. Анда Тыныбекова япониялык спортчуну 3:3 эсебинде жеңген.

Япониялык балбан кызды Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпионатындагы башкы атаашдашы десе болот. Алар 14-апрелде таймашка чыгат.

Сакура Мотоки — дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын (62 кг) жана коло байгесинин (59 кг) ээси.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир ирет коло уткан, беш жолку Азия чемпиону, үч ирет күмүш, 2 жолу коло байгеге татыган. Азия оюндарынын жеңүүчүсү, 2 жолку коло уткан.

Эки спортчу кыз тең быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты Бишкекте 11-16-апрелде өтөт. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар болот.

Тарых жаңыланды! Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>