Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айзирек Алышбаева аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Айзирек Алышбаева 14-августта Нарындын аймагынан табылган.
Эскерте кетсек, милицияга 9-августта Айзирек Алышбаеванын апасы кайрылып, кызы 8-августта Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, издөө иштерине жардам берүүнү суранган.