ФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктады
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк жаран табылды
18.10.2023 | 20:47
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мурда дайынсыз болуп жаткан чет элдик жаранды табышты. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-октябрда милицияга М.А. аттуу чет өлкөлүк аял кайрылып, 30 жаштагы мекендеши Цэрендаш Монхзул 12-октябрда болжол менен саат 16:00до Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Дароо милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранды издөө боюнча бардык чараларды көрүп, издөө иштеринин жүрүшүндө 18-октябрь күнү саат 17:30дар чамасында ал аман-эсен табылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар