Издешүүгө жардам керек. Бишкекте чет өлкөлүк кыз жоголду

Издешүүгө жардам керек. Бишкекте чет өлкөлүк кыз жоголду

Бишкекте дайынсыз жоголгон чек өлкөлүк Цэрендаш Монхзул изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-октябрда милицияга М.А. аттуу чет өлкөлүк аял кайрылып, 30 жаштагы мекендеши Цэрендаш Монхзул 12-октябрда болжол менен саат 16:00до Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Белгилери: бою – 160-162 см, чач ачык күрөң түстө, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: ак футболка, көк жинсы, бутунда боз түстөгү спорттук бут кийим.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Цэрендаш Монхзулду көргөндөр болсо 0( 312) 352-605, 0( 553) 102- 465, 0( 703) 501-600,0(553) 102-880, 0(502)250-815  же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>