Бишкекте дайынсыз жоголгон жигит өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте дайынсыз жоголгон жигит өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы

ИИМдин, Бишкек шаардык жана Свердлов райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн жана Токтогул райондук милициянын кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-октябрда болжол менен саат 10:00до Токтогул районунун Чычкан капчыгайында сайга түшүп кеткен «ВАЗ-2107» унаасы табылган. Башында милиция айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомол кылган. Унаа капчыгайдагы дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Унаанын ичинде жаш жигиттин сөөгү табылган.

«Окуя болгон жерди кароо учурунда милиционерлер жолдо жол кырсыгынын издери болбогондуктан, бул күндөгүдөй кырсык эместигин байкашкан. Бул жасалма жол кырсыгы атайылап уюштурулган болушу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң, жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Жигиттин өздүгүн тактоо учурунда ал дайынсыз жоголуп, изделип жаткан Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин 22 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну экени аныкталган», — деп билдирет министрлик.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Белгилүү болгондой, дайынсыз жоголгон жигиттин туугандары 21-октябрда Бишкектеги милицияга кайрылып, 22 жаштагы тууганын (Т.Б.) таап берүүнү суранган. Алардын айтымында, Т.Б. 20-октябрда үйүнөн өзүнүн «Тойота Краун» унаасы менен чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Ал кийим тигүүчү цехте иштечү. Арыз каттоого алынып, жоголгон жаранды издөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам-издөө иштери учурунда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын «Тойота Краун» унаасын белгисиз адам башкарып жүргөнүн аныкташкан. Аталган жаран кармалып, ал Бишкектеги соода комплекстеринин биринде иштеген 25 жаштагы Чүйдүн тургуну экени аныкталган. Ал сурак учурунда унааны сатып алганына бир күн болгонун айткан. Ал билдиргендей, 21-октябрда түндө социалдык тармактардан «Тойота Краун»  унаасы тез арада саталып жатканы тууралуу жарыяны көргөн. Андан кийин жарыяда көрсөтүлгөн номерге чалып, сатуучуга жолуккан. Алар унааны шашылыштан улам 8,7 миң долларга баалашкан. Бирок ишеним кат берилген эмес. Ал сатып алган унааны кайра сатмакчы болуп, соцтармактарга жарыя жайгаштырган.

Андан соң ыкчам-издөө иштери улантылып, милиция кызматкерлери мурда соттолгон 30 жаштагы А.К. уулу аттуу жарандан изине түшүшкөн. Натыйжада ал Бишкектин аймагынан кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган жаран (А.К. уулу) өзгөчө оор кылмышты жасаган. Ал каргашалуу окуя болгонго чейин бир нече күн мурун 22 жаштагы Т.Б. менен жолугуп, ал «Тойота Краун» унаасын сата турганын билип калган. Андан кийин анын унаасын алдамчылык жол менен алып, башка бирөөгө сатып жиберген. Унаанын саткандан кийин 22 жаштагы Т.Б.га акчасын берерин айтып, ээн жерге алып чыккан. Жолдо баратып, ага жаракат келтирип, «Чычкан» капчыгайына жеткенде кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан.

Милиция аныктагандай «Чычкан» капчыгайында табылган «ВАЗ-2107» унаасы шектүүгө таандык. Ал бул унааны жабырлануучунун «Тойота Краун» унаасын саткан акчага алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул оор кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоого туура келет.

Ошол эле учурда аталган шектүү (А.К. уулу) Россияда да адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. 2021-жылдын июнь айында Москва шаарында токтоп турган «ВАЗ-2107» унаасынын ичинен киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылган. Аялдын өздүгү такталып, ал Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин Россиянын жарандагын алган 1977-жылы туулган К.А. экени аныкталган. Ал 2021-жылдын январь айынан бери дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгон. Ишти Москванын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы карап жатат.

Тергөө иштери Кыргызстандын аймагында да жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары аты аталган А.К. уулу Баткенден кармалган. Бирок далилдер жетишсиз болгондуктан (эксперттик изилдөөлөр толук эмес) иш аягына чыга элек.

Учурда А.К.уулу Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилген. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>