Жетим балдардын үй менен камсыз болуу укугу бузулуп жатат — депутат

Жетим балдардын үй менен камсыз болуу укугу бузулуп жатат — депутат

2022-жылдын 9 айында 73, 2023-жылы 71 жетим өскөн жаран үй менен камсыз болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова билдирди.

Ал ата-эненин кароосуз өскөн балдарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча мыйзам талаптары аткарылбай жатканын белгиледи.

Депутаттын маалыматында, 2022-жылдын тогуз айында үй алуу үчүн 507, жер алуу үчүн 914 жетим өскөн жаран кезекте турган. Алардын 73ү үй, 106 жер алышкан. 2023-жылы кезектеги 516 адамдын 71ине үй, 894түн 146сына жер тилкеси берилген.

“16 жашка чыккан жетим балдар үйдү жана жерди кезексиз алышы керек. Учурда жарандардын бул укугу бузулуп жатат”, — дейт Нилуфар Алимжанова.

Акыркы беш жыл ичинде Чүй облусунда үй алууга 983 бала кезекте турса, анын 16сы гана башпаанектүү болгон. Жалал-Абадда 24 адамдын 15и, Нарында кезектеги 16 кишинин бири, Ошто 49дун үчү, Бишкекте 159 кишинин 19 гана алган.

Ысык-Көлдө  беш жыл ичинде жетим өскөн бир гана жаранга турак жай берилген.

Талас облусу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>