Бишкекте ээсинин колунан бошонуп качкан ит эки адамды талаган видеону интернет колдонуучулары жарыялады.
Тасмадан көлөмдүү ит ээсинин колунан жулунуп чыгып, өтүп бара жаткан окуучулардын бирине тиш салганын, аны ажыратып калышса, дагы бир чоң адамды тиштеп алганын көрүүгө болот. Ээси канчалык ажыратууга аракет кылбасын ити аны тоготкон эмес.
Алдын ала маалыматтарга караганда окуя Бишкек шаарынын Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.