Бишкекте эки кошунанын чыры өлүм менен аяктады. Чоо-жайы

05.10.2022 | 17:24

Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-октябрда түнкү саат 00:05тер чамасында “102” кызматына Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну бычактан жаракат алгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жерине барган кайгуулчулар 1991-жылы туулган У.А. аттуу жаран төшүнө бычак сайылган абалда ооруканага жеткирилгендигин такташкан.

“Жабырлануучуга мас абалдагы кошунасы ашкана бычагы менен сайып жиберген. У.А. ооруканада көз жумган”, – деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам кармоо иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делип 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top