Интерпол Египетте эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармады

Интерпол Египетте эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармады

Египетте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Интерпол бюросу менен Египеттин Интерполу менен биргеликте Каир шаарында биргелешкен издөө иш-чараларын өткөрүүдө  эл аралык издөөдө жүргөн 42 жаштагы А.А. “Азаматулло” каймана аттуу кылмышкер аныкталып, кармалды.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн Ички иштер министрлигинин Интерпол бюросу тарабынан издөөдө жүргөн. Ал жарандарга ишеним көрсөтүп, алдамчылык жолу менен мүлк жана акча каражаттарын ээлеп алган.

Египеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан издөөдөгү шектүүгө карата Египеттен административдик чыгаруу түрүндө чечим колдонулган.

Учурда Башкы прокуратуранын жардамы менен Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>