Кочкордо, Караколдо жана Кара-Балтада Юстиция үйлөрү ачылды — даректери

Кочкордо, Караколдо жана Кара-Балтада жаңы Юстиция үйлөрү ачылды. Алардын ишке берилиши Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына карата уюштурулганын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Президент Садыр Жапаров аталган объектилердин ачылышына онлайн форматта катышты.
Юстиция үйлөрүндө жарандар акысыз укуктук жардам жана кеңештерди ала алышат, мамлекеттик нотариустардан документтерди тариздей алышат, ошондой эле Пробация департаментинин кызматтарынан пайдалана алышат.
Каракол шаарында аянты 950 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу Юстиция үйү республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Объекттин баасы 69,2 миллион сомду түздү. Имаратка ошондой эле Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы да көчүп кирди.

Бул жерде бизнести каттоо жана тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Юстиция үйү Туманов көчөсү, 103 дарегинде жайгашкан.
Кочкордо аянты 516,1 чарчы метрди түзгөн жаңы имарат С. Алиев көчөсү, 4/2 дарегинде жайгашкан. Анда жарандарды кабыл алуу жана Юстиция министрлигинин негизги кызматтарын көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Кара-Балта шаарындагы Юстиция үйү шаардын жана Жайыл районунун тургундары үчүн курулду. Объекттин наркы 34,2 миллион сомду түздү. Имарат Бейшеналиева көчөсү, 20Б дарегинде жайгашкан.

Юстиция үйлөрүн ачуу долбоорун КР Юстиция министрлиги ишке ашырууда. Мындай борборлор аймактардын тургундары негизги укуктук кызматтарды бир жерден ала алышы үчүн түзүлүүдө.