Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды

Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ушул жыл Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен белгиленип жатканын айтып, мамлекет башчысы Уюмдун мааракелик жылына ЖККУга мүчө мамлекет – Тажикстандын жакындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн өкүнүч менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Заска Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, ошондой эле Баткен облусундагы жарандык жана социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди.

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Уюм бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

ЖККУнун Башкы катчысы ошондой эле мамлекет башчысына 2022-жылдын күзүндө Арменияда өткөрүлүшү пландалган Уюмдун уставдык органдарынын алдыдагы отурумдарына жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.

Станислав Зась ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар жеке тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Садыр Жапаровго маалымат берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>