«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Бишкекте эки милиционер баңгизат менен кармалышты
30.04.2025 | 11:19
Бишкек шаардык милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгү аныкталган.
29-апрель күнү баңгизаттын ири дозанын өткөрүп берүү учурунда милициянын капитаны Б.Д.М., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалган. Алардын жашаган жана иштеген жеринен баңгизаттар табылган.
Кармалган милиционерлер Б.Д.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М.Б. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар