Бишкекте эне «окуучу балдарыма кийим алам» деген акчасын уурдаткан. Шектүү кармалды

Бишкекте эне «окуучу балдарыма кийим алам» деген акчасын уурдаткан. Шектүү кармалды

Бишкектеги Ош базарында 15 миң сом салынган капчыкты уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августта шаар тургуну (аял киши) балдарына мектепке кийим, окуу куралдарын алып берүү үчүн Ош базарына барган. Болжол менен саат 12:00до белгисиз адам сумакасындагы 15 миң сом салынган капчыгын уурдап кеткен. Бул боюнча ал милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ленин райондук милициясыныны кызматкерлери «Чөнтөк уурулугуна жол жок» аталышындагы иш-чаранын алкагында шектүү катары 42 жаштагы О.З. аттуу жаранды кармаган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>